Биз менен байланышыңыз

Сүрөт: Чек арадагы азыркы абал, бир милиция реанимацияда

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 1398 | 0

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Маалыматка караганда, 22-июлдагы чырдан улам бир милиция кызматкери жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылынын жашоочулары кечки саат 17.30дар чамасында Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылынын чек арага жакын жайгашкан жерине, мурда Ак-Сай айылы деп жазылган тактайчанын ордуна Тажикстандын 6 даана желегин атайын темирге орнотуп коюшканына нааразычылыктарын билдиришип, мурда алып салынган Ак-Сай жазуусун кайрадан орнотуу максатында чогулушкан.

Эки элдин ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, бири-бирине карай таш ыргытышкан.

Жагдайды жөнгө салуу үчүн Баткен ОИИБнын башчысы Аскарбек Аширалиевдин буйругунун негизинде «Айгай» көтөрүлүп, өздүк курам Ак-Сай айылына келишкен.

Саат 19.30дар чамасында чек арадагы чыр курчуп, эки тараптан бири-бирине карата ок атуучу куралдан ок атышуу болуп, жабыркаган жарандар Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандардын арасында милиция кызматкерлери жана чек ара кызматкерлери да бар.

Окуяны жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү жүргүзүү максатында Баткен ОИИБнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Жогорудагы факт Баткен ОИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө иштери башталды.

Азыркы күндө коомдук абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM