Биз менен байланышыңыз

Күннааме: 22-июлда дүйнөдө орун алган окуялар

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 638 | 0

Украинада Жогорку Радага болгон шайлоонун жыйынтыгы, Иранда АКШ «тыңчыларынын» жазаланышы, Япониядагы парламенттик шайлоо, Гонконгдо демонстранттардын ур-токмокко кабылышы. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө ушундай окуялар орун алды.

Украина: Украина БШКсы добуштардын 70 %ын санап бүтүп, президент Владимир Зеленский жетектеген «Эл кызматчысы» партиясы алдыда экенин билдирди.

Андан кийинки орунда «Оппозициялык платформа» партиясы, үчүнчү орунда өлкөнүн мурдагы президенти Петр Порошенконун «Европалык тилектештик» партиясы келе жатат. Төртүнчү орунда мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы болсо, ал эми акыркы бешинчи орунду музыкант Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы толуктады.

Япония: Жогорку палатага талапкерлерди шайлоодо серепчилер күткөндөй, премьер-министр Синдзо-Абэ жетектеген партия жеңишке жетти. Синдзо-Абэ өткөн жылдын октябрь айында сөз бергендей, экономиканы өнүктүрүү менен өз макамын сактап калган. Бирок палатадагы орундун үчтөн экисин ээлөө максатына жетпегенин жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Гонконг: Бул жолку митингге уюштуруучулардын айтымында 480 миң, ал эми полициянын билдирүүсүндө 138 миң демонстрант катышты. Бул ирет да полиция тарабынан желим ок, жаш агызчу газ колдонуп эл таркатылды. Демонстрациядан соң үйүнө кайтып бараткан адамдар Юньлон метро бекетинен бандиттер деп мүнөздөлгөн топтун ур-токмогуна кабылды. Анын айынан кеминде 45 адам жаракат алды.

Июндан бери Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүүгө макулдашкан. Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө жылдырган. 8-июлда Гонконгдун өкмөт башчысы Кэрри Лам экстрадиция мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселеси токтотулганын айтканы менен, документти парламенттен чакыртып алуу талабын аткарган эмес.

Иран: Ирандын коргоо кызматкерлери тарабынан АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгында (ЦРУ) иштеген 17 адам кармалган. Алардын айрымдары өлүм жазасына тартылса, калганы узак убакытка түрмөгө кесилген.

Маалыматка ылайык, тыңчылар тобу Ирандын экономика, өзөктүк өндүрүш, армия тармактарында иш алып барып, жашыруун маалыматтарды топтоп келген.

АКШ 2018-жылдын май айында Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыккандан бери Вашингтон менен Тегерандын ортосунда дипломатиялык мамиле токтогон.

МАГАТЭ: Ошондой эле, бүгүн дүйнө эли белгилүү жетекчи менен коштошту.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Юкия Амано каза болду. Ал 72 жашта болчу. Юкия Амано аталган кызматтык орунга 2009-жылдын декабрынан бери үч жолу удаа шайланган.

Кайгылуу окуяга байланыштуу уюмдун желеги түшүрүлүп, аза күтүлүүдө.

Түркмөнстан: Ал эми кечээ, 21-июлда тараган түркмөнбашы Гурбангулы Бердымуxамедов көз жумду деген маалымат бүгүн жокко чыгарылды. Айрым маалымат булактары Бердымухамедовдун өлүмүнүн себеби бөйрөк оорусу деп жазган.

Мындай маалыматтын таркап кетишине себепкер болгону үчүн Евразия көйгөйлөрү мониторинг борборунун директору Аслан Рубаев президенттин туугандарынан жана жакындарынан, ошондой эле, Түркмөнстан калкынан кечирим сурады.

Гурбангулы Бердымухамедов 15-июлда эмгек өргүүсүнө чыкканы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM