Биз менен байланышыңыз

Спикер Дастан Жумабековдун декларациядан жашырган бизнестери

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 2478 | 0

Ушул жылдын июнь айында Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана мүлкү боюнча декларациялык маалыматтардын базасы болгон declarator.politmer.kg порталы ачылган. Бул сайт жогорку даражалуу кызмат адамдарынын кандай байлыкка ээлик кыларын жана кандай капиталдарын коомчулуктан жана мамлекеттик салык кызматынан жаап-жашыра турганын аныктайт.

Чиновниктер толтурган декларациялардын биринчи жыйынтыктары алардын бул ишке көңүлкош мамиле кылышкандыгын көрсөттү. Буга мисал катары Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду айтсак болот.

Өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысы, мыйзамдарга толук баш ийүүсү керек болгон адам өзүнүн жана туугандарынын мүлкүн декларациясында толук көрсөткөн эмес. Ошентип ал өзүнүн коммерциялык кооперативге катыштыгын жана аялынын бизнесин салык кызматынан жаап-жашырган. Бул тууралуу politmer.kg. сайты жарыялады.

Маалыматтардын жашырылышы

Эгерде коомчулук жана Мамлекеттик салык кызматы Дастан Жумабековдун Жогорку Кеңешке депутат болуп турган 2015-2016-жылдардагы, ошондой эле, төрагалыкка шайланган 2017-жылдагы толтурган  декларациясына ишенишкенде, анда ал аябай кедей адам болмок.

Жумабековдун декларациясынын declarator.politmer.kg сайтындагы көрүнүшү:

Декларацияда жазылганга таянсак, спикердин бир жылдык кирешеси 715-770 миң сомду түзөт. Бул — айына 60-64 миң сом гана тапчу деген сөз. Ал эми Жумабековдун мүлкүндө 59 чарчы метр өлчөмүндөгү бир гана батирге ээлик кыла турганы көрсөтүлгөн.

Мындан улам Жумабеков өзү жана жубайы Алина Кушубекова да эч кандай мүлккө ээлик кылбайт жана киреше булагы таптакыр жок деп айтууга туура келет. Бирок бул маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Жубайынын бизнеси

Дастан Жумабеков 3-июлда өткөн маалымат жыйында жубайы Алина Кушубекованын чакан компаниясы бар экенин билдирип, бирок, ар түрдүү ушак-айыңдан алыс болуу үчүн бизнесин токтотконун кошумчалаган.

«Юридикалык жактан ага катталган, бирок ал өзүнүн ишин токтотту», — деген  төрага Жумабеков.

Ошол эле учурда, компания эмне себептен жубайына катталып турганы жана ал эмне себептен расмий декларацияда көрсөтүлбөй калганы боюнча маалымат берген эмес.

Алина Кушубекова «Аль-Био Фарм» ЖЧКсына ээлик кылат. Баса, бул компанияда Алмазбек Изабековдун да үлүшү бар экенин айта кетүүбүз керек. Жумабеков канчалык актанбасын, анын аялы өзүнүн ишин токтотпогонун көрүүгө болот. Анткени, учурда да аталган ишкананын директору Алина Кушубекова экени тууралуу маалыматтар бар.

«Аль-Био Фарм» ЖЧКсы Юстиция министрлигине дары-дармек сатуучу компания катары катталган. Компанияга таандык Бишкекте Кулиев көчөсү, 38 дарегинде жана Ахунбаев көчөсү, 129 дарегинде жайгашкан 2 дары кампа бар.

2018-жылы «Аль-Био Фарм» ишканасы бюджетке 93 миң сом салык төлөгөн. Бул сандар мурдагы эки жылда төлөнгөн 24-25 миң сомго салыштырмалуу бир кыйла көп. Белгилей кетсек, 2018-жылы Жумабеков Жогорку Кеңештин спикерлигине шайланган.

20-июлда алынган маалыматта Алина Кушубекова «Аль-Био Фарм» ЖЧКсынын директору жана co-founder’и кызматында экени көрсөтүлгөн.

Аталган бизнести спикер 2018-жылдагы декларацияда көрсөтүп-көрсөтпөгөнүн Салык кызматынын күз айында жарыялай турган чиновниктердин кирешелери менен чыгашалары жөнүндөгү жыйынтыктан көрө алабыз.

 Үй-бүлөлүк айыл чарба кооперативи

Дастанбек Жумабеков декларациясында көрсөтпөгөн дагы бир бизнес — «Артисбек Ата балдары» айыл чарба кооперативи. Атасынын атынан коюлган бул кооперативге мүчө экенин эске алсак, анда спикердин айыл чарба активдеринин да бар экенин оңой баамдоого болот.

Кайра эле Юстиция министрлигинин берген маалыматына кайрылсак, «Артисбек Ата балдары» толугу менен коммерциялык кооператив болуп саналат. Ошол эле учурда, Юстиция министрлиги Салык төлөөчүнүн каттоо номерин (ИНН) көрсөтпөгөндүктөн, аталган ишкананын бюджетке төккөн төлөмдөрү тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

«Артисбек Ата балдары» кооперативинин Жогорку Кеңештин спикеринен тышкары, Рыза Кавазов, Күлайда Жумабекова, Чынара Кайназарова, Муса Кавазов, Бакытбек Назаралиев жана Динара Сыдыкова аттуу мүчөлөрү да бар.

Copyright © 2017 Maral FM