Биз менен байланышыңыз

ИИМдин тергөө тобу Атамбаевдин Кой-Таштагы штабына барды (видео)

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 712 | 0

Бүгүн, 22-июнда Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы жана Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө жайгашкан элдик штабга барды. Милиция кызматкерлери Атамбаевди суракка алууну каалап, элдик штабдын өкүлдөрүн күтүп жатканын kaktus.media жазды.

Эске салсак, мурдагы президентке сурак берүү үчүн 3 жолу билдирүү кагазы келген. Биринчи жолу 8-июлда, андан кийин 10-июлда жана үчүнчүсү 18-июлда келген.

Бирок Атамбаев: «Азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти», — деп, тергөөчүнүн сурагына барбай тургандыгын айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM