Биз менен байланышыңыз

Милиция кызматкерлеринин президентке даттануусу боюнча кызматтык териштирүү башталды

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 679 | 0

Аламүдүн райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин президент Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусунун негизинде Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы кызматтык териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлеринин кайрылуусу соцалдык тармакка жарыяланган. Анда алар президенттин жана башка жогорку даражалуу кызмат адамдарынын коопсуз өтүшүн көзөмөлдөөдө тамак-аш жана суусу жок 5-6 саат турууга аргасыз болуп жатышканын жазышкан.

«Тосуп турууга расмий уруксат жок, биз жумушта эместейбиз. Негизги милдеттер экинчи планда калууда», — деп жазылган катта.

Милиция кызматкерлери мамлекет башчысынан бул ишти расмий кылууну же жок кылууну суранышкан.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей,  ички иштери кызматкерлеринин милдеттеринин негизги пункттарынын бири: коомдук тартипти жана адамдын жеке коопсуздугун сактоо болуп саналат.

Белгилей турган болсок, коомдогу тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт. Ошондой эле, мамлекет башчысынын коопсуздугу үчүн кээде 3-4 саат турууга туура келет. Кээде чет өлкөдөн келген жогорку даражалуу конокторду тосуп алууда жана кандайдыр бир мыйзам бузуулардын алдын алууда иш убактысы узартылышы мүмкүн.

Учурда Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан соцалдык тармактарда жарыяланган катта айтылган далилдерди ар тараптуу кароо үчүн кызматтык иликтөө башталды.

Copyright © 2017 Maral FM