Биз менен байланышыңыз

Экзит-полл: Зеленскийдин партиясы алдыда

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 559 | 0

Украинанын Жогорку Радасына болгон шайлоодо беш партия өттү. Бул улуттук экзит-поллдун жыйынтыгында айтылды. РИА Новости маалымат агенттиги жазгандай, өлкө президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы 43,9 пайыз менен алдыда келе жатат.

Андан кийинки орунда 11,5 % менен «Оппозициялык платформа» партиясы, үчүнчү орунда өлкөнүн мурдагы президенти Петр Порошенконун «Европалык тилектештик» деп аталган партиясы келе жатат.

Төртүнчү орунда мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы добуштардын 7,6% менен, ал эми акыркы бешинчи орунда музыкант Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы 6,3 % добуш алды.

Калган партиялар Жогорку Радага өтүү үчүн коюлган беш пайыздык босогодон өтө алган жок.

Эске салсак, 20-майда Украинанын президенттик кызматына киришкен Владимир Зеленский Жогорку Раданы мөөнөтүнөн мурда таратып, кийинки шайлоо 21-июлга дайындалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM