Биз менен байланышыңыз

Иликтөөчүлөр күчтүү делген антивирустардын тизмесин аташты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 578 | 0

Орусиялык компания керектөөлөрдү тестирлөөчү эл аралык уюм (International Consumer Research and Testing — ICRT) менен бирге тест жүргүзүү аркылуу Windows жана macOS үчүн эң мыкты делген антивирустук программалардын рейтингин түздү.

Иликтөөчүлөр 19 ар кандай өндүрүүчүлөр иштеп чыккан 35 антивирустун акылуу жана акысыз версияларын сынап көрүшкөн. Программалардын 25и Windowsко, 10у macOSко арналган.

Тест жүргүзүү үчүн эң зыяндуу делген вирустук программалар колдонулган. Текшерүү иши бир жылга созулган. Анын натыйжасында колдонууга ыңгайлуу жана чыдамкай антивирустардын тизмесин аныкташкан.

Windows үчүн 5 эң жакшы антивирус:

  1. Bitdefender Internet Security;
  2. ESET Internet Security;
  3. Bitdefender Antivirus Free Edition;
  4. Norton Security Deluxe;
  5. Avast Free Antivirus.

macOS үчүн:

  1. ESET Cyber Security Pro;
  2. Kaspersky Internet Security;
  3. Bitdefender Antivirus for Mac;
  4. G Data Antivirus for Mac;
  5. Norton Security Deluxe.

Copyright © 2017 Maral FM