Биз менен байланышыңыз

Xiaomi компаниясы ылдам жана арзан Redmi Book ноутбугун чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2019 | 606 | 0

Xiaomi Redmi брендинин өкүлдөрү Redmi Book-14 ноутбугу боюнча расмий түрдө билдирүү таратты. Бул Redmiнин алгачкы компьютердик технологиясы болуп саналат. Азырынча баасы так айтылбаганы менен, аталган компаниянын башка каражаттарындай эле ноутбук да арзан баада болору айтылууда.

Маалыматка караганда, Redmi Book-14 компьютери ичке корпуска ээ. Экраны 14 дюмду түзөт. Конфигурациясы Intel Core i3/i5/i7 процессорун камтыйт. Видеокарта NVIDIA GeForce MX250 түзүмүнөн турат. Ноутбуктун оперативдүү эс тутуму — 8 ГБ, ал эми өздүк эс тутуму 512 ГБка чейин болору айтылган. Сатыкка чыгуу мезгили азырынча белгисиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM