Биз менен байланышыңыз

2022-жылдан баштап жылына 1 тонна зер буюм сатыкка чыгат

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 458 | 0

Кыргызстандын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган концепция зергердик тармакты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды жана иш орундарын түзүү, баалуу металлдардан жасалган асем буюмдарды өндүрүүчү ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Документ ички рыноктун муктаждыгын чечүүнүн, асем буюмдардын экспортун арттыруунун, мунун негизинде салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүнүн жана инвестиция тартуунун артыкчылыктарын аныктайт.

Белгилей кетсек, зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясын кыйла натыйжалуу ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы төмөнкү максаттар менен толукталган:

  1. Зергердик тармактын ишканаларын колдоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу;
  2. Зергердик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
  3. Импортту алмаштырууну жана асем буюмдардын экспортун өнүктүрүүгө багытталган чараларды колдоо;
  4. Тышкы жана ички булактарды эске алуу менен 2023-жылга чейин сатуу каралган сырьелор менен камсыздоону колго алуу;

Мындан тышкары, 2022-жылдын аягына чейин жергиликтүү ишканалардын алтынды жана күмүштү керектөөлөрүнүн жылдык көлөмүн 1 тоннага жеткирүү максаты коюлду, бул 2500 кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM