Биз менен байланышыңыз

Төрага Дастанбек Жумабеков иш сапары менен Түркияга барды

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 1591 | 0

Бүгүн Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Түркиядагы расмий иш сапары башталды. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайты жазды.

Анын алкагында Дастанбек Жумабековдун Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жогорку деӊгээлдеги жолугушуусу күтүлүүдө.

Төрага ошондой эле, «15-июлдун курмандыктарын» эскерүүгө арналган иш-чарага да катышат.

Андан тышкары, кыргыз парламентинин делегациясы Изник шаарынын жанында жайгашкан Кыргыздар күмбөзүнө барат. Ал эми Стамбул шаарында делегация мүчөлөрү кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен жолугушат.

Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Copyright © 2017 Maral FM