Биз менен байланышыңыз

«ГЭСтерди модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Июл 2019 | 847 | 0

40 мегаватт кубаттуулукка ээ Ат-Башы ГЭСи Швейцариянын экономикалык катчылыгы тарабынан каржыланып, реконструкцияланууда. Мындай маалыматты Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов “Марал” радиосуна берген маегинде айтты. Анда ал Кыргызстанда өндүрүлгөн электр кубаты жетиштүү экенин белгиледи.

-Камбар-Ата-2 ГЭСинде 1 агрегат иштеп жатат. 2010-жылы ишке кирген жана 120 мегаватт кубаттулуукка ээ. Азыр 2 агрегатын да ишке киргизүү үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Андан тышкары Токтогул ГЭСтер каскадырдагы Күрпсай ГЭСи 1981-жылы ишке кирген жана 800 мегаватт кубаттуулуктагы электр кубатын чыгарат. Таш-Көмүр ГЭСи 450, Шамалды-Сай 240, Үч-Коргон 180 мегаватт кубаттуулукка ээ. Учурда Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM