Биз менен байланышыңыз

Папуа-Жаңы Гвинеяда уруу аралык кагылышуудан 16 адам жан берди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 875 | 1

Папуа-Жаңы Гвинеяда уруулар ортосунда кагылышуу орун алып, анын айынан 16 адам каза болду. Бул тууралуу АВС басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, куралданган тарап 800 адам жашаган аймакка кол салган. Алар ок атуучу куралдардан сырткары, бычак, найзаларды да колдонушкан.

Аталган өлкөнүн жаңы премьер-министри Жеймс Марапенин айтымына караганда, уруулар ортосунда келишпестиктер бат-бат чыгып турат. Кечээ орун алган согуш эң коркунучтуу жана кайгылуу болгонун кошумчалады.

Бул ирет кагылышуудан каза болгондордун арасында аялдар жана жаш балдар бар.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Папуа-Жаңы Гвинеяда уруу аралык кагылышуудан 16 адам жан берди - Кыргыз Туусу

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM