Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевдин суракка барбаганы — күнөөсүн моюндаганы»

Саясат | 9 Июл 2019 | 1107 | 1

«Мен бирөөнүн эрежеси менен ойнобойм» деген мурунку президент Алмазбек Атамбаев 8-июлда Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылгандыгы боюнча билдирүү жасады. Анда ал азыркы бийлик Конституцияны да, мыйзамды да — баарын бузганын, андыктан, ИИМдин тергөө кызматына суракка барбай турганын журналисттерге айтты. 

— Милиция кандайдыр бир кагаздарды алып келиптир, мындан кийин прокуратура алып келеби, милиция алып келеби, биз мындай кагаздарды укук коргоочум Сергей Слесаревге беребиз. Азыркы бийлик Конституцияны да, мыйзамды да — баарын бузган. Ошондуктан, биринчи бийлик укуктук талаага кайрылып барышы керек. Булар — жөн эле оюндар.

Опубликовано Мирбек Айтикеев Понедельник, 8 июля 2019 г.

Муруку президенттин айткандарында канчалык негиз бар, бул боюнча юристтер, серепчилер эмне дейт?

Юрист Нурбек Токтакунов: «Атамбаевге «Суракка барып, айкындыкты талап кылыңыз» деген кеңеш берет элем», — дейт. Муну менен бирге, «Атамбаевдин макамы мыйзамсыз алынгандыгын эске алганда, анын суракка баруудан баш тарткандыгы негиздүү», — деген да пикирин кошумчалады.

— Мыйзам боюнча суракка чакырылганда, экс-президентпи, бүгүнкү мамлекет башчыбы, барышы керек. Эгерде Атамбаев менин кеңешимди укса, коркпой ошол ачык суракка барып, талаптарын коюшу зарыл. Эгерде иш ачык жүргүзүлүп, ага Атамбаев барса, өзүнө эле пайдалуу болмок. Бирок Атамбаевдин «суракка барбайм» дегенинин да себеби болуп жатат. Өзү да кол тийбестигинин алынгандыгы мыйзамсыз болгонун айтып өттү. Экс-президенттин макамын 2-3 күндүн ичинде эле карап коюшпадыбы. Мыйзам боюнча көпкө чейин, тактап караш керек болчу.

Бүгүнкү мыйзамдардын көпчүлүгү Атамбаев Конституциянын «ээси» болуп турганда кабыл алынган. Андыктан, ага карата жүргүзүлүп жаткан кадамдардын баары мыйзам чегинде кетүүдө. Суракка чакырылып, бирок келбей койсо, күч органдары мажбурлап алып келүүгө укуктуу. Мындай пикирин КР Эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев билдирди.

— Суракка чакыруунун ар кандай түрлөрү көрсөтүлгөн. Анын бири — кагаз түрүндө чакыруу жөнөтүү. Бир, эки же үч жолу чакырылат. Эгерде келбесе, мажбурлап алып келүүгө мыйзам уруксат берет. Тергөөчүлөр чечет. Балким бир чакыруудан кийин эле алып келүү үчүн атайын кызматкерлерди жөнөтө алат. Убагында Атамбаев мыйзамдын ээси болуп турган. Бир да мыйзам ансыз өтчү эмес. Ал: «Азыр Конституцияга ыктап келсе, алардын баарынын күчү жок», — деп жатпайбы. Мунусун «бет тырмаарлык» деп атасак жарашат.

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун айтымында, мурунку президент жоопкерчиликтен качуунун мыйзамсыз жолдорун издөөдө. Ошол эле учурда, суракка баруудан баш тартуу менен өзүнө тагылып жаткан айыптарды кайсы бир деңгээлде мойнуна алууда.

— Атамбаев «суракка барбайм» деп, сот системасына ишенбегендик көрсөтүп жатат. Ал мындай аракети менен кайсы бир деңгээлде өзүнө карата тагылып жаткан кылмыштарды мойнуна алып жаткандыгы көрүнүп турат. Себеп дегенде, коркконун көрсөтүүдө. Ошолордун баарын эске алып, «Атамбаев камакка алынарын сезип, ушундай мыйзамсыз жолдорду издеп жатат», — деген бүтүмгө келсек болот. 

Ал эми саясий серепчи Марат Казакпаев алты жыл өлкөнү башкарган адамга мындай аракет жарашпасын айтат. Ал билдиргендей, эмоция менен чыгарылган чечимдер жакшылык менен жыйынтыкталбайт.

— Атамбаев мурда эле барбайм деген. Бул туура эмес деп эсептейм. Сөзсүз барып өзүнүн оюн айтышы керек болчу. Бул киши азыр эмоцияга берилип жатат. Мындай аракет жарандык коомду көтөрүп, ызы-чуунун чыгышына эле алып келет. Атамбаев болбоду дегенде, жактоочусун жөнөтсө болмок.

Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери Кой-Ташка алып барган чакыруу кагазында Атамбаевдин 9-июлда Тергөө кызматына келүүсү жазылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө 22-июнда тарапташтары чогулуп, штаб түзүлгөн болчу. Ал эми 3-июлда «Медиа Форум» имаратынын алдында «Эски элитага каршы» тынчтык митинги Атамбаевдин тарапташтарынын катышуусунда өткөн.

Атамбаевдин адвокаты ИИМге кат жолдоду

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    09.07.2019 22:09

    Атамбаев кочодо элдин башын оорутпай законсуз болуп жатса, прокуратура менен сотко айтып акталсын, коп нерсени билет. Ошол жерде азыркы бийликтин туура эмес экенин, озунун ак экенин далилдесин, акчасы коп эл аралык адвокаттарды жалдасын.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM