Биз менен байланышыңыз

Маркум Абдылдаевдин кызы элден жардам сурайт

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 631 | 0

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси, маркум Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира Абдылдаева апасынын жана инисинин сөөгүн табышып коюуну өтүндү. Анын суранычын жакындары социалдык тармак аркылуу таратышууда.

30-июнда Чүйдүн Жайыл районундагы Көкөмерен суусуна айдоочусу, жүргүнчүлөрү менен кошо автоунаа түшүп кеткени кабарланган. Алар Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү экени айтылган.

2-июлда Молдакун Абдылдаевдин, анын айдоочусунун жана небересинин сөөгү табылган.

Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар тарабынан Абдылдаевдин жубайы жана баласынын сөөгү изделүүдө. Бирок дагы жардам керек болуп жатканы айтылат.

Тийиштүү суроолор боюнча төмөнкү номурлар аркылуу байланышса болот:

Тимофей:+996 (555) 459 595

Людмила: +996 (552) 358 896

Виктория: +996 (777) 339 999

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM