Биз менен байланышыңыз

Дубайдын эмири качып кеткен жубайы менен сырттан ажырашууга аракет кылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 686 | 0

Дубайдын эмири Мохаммед бен Рашид чоң суммадагы каражатты алып, качып кеткен кичүү жубайы Хайя бин аль-Хусейн менен сырттан ажырашууга аракет кылууда. Бул тууралуу CNN каналы билдирди.

Учурда шейх сот иштерин баштатты. Ал сотко жубайы менен ажыраштырып, балдарды өзүнө кайтаруу талабын коюуда.

Маалымат булагы учурда иш каралып жатканын билдирет. Иштин чоо-жайы Лондондо текшерилип, 30-31- июлда соттук отурум өтөт.

Кошумчалай кетсек, Хайя 11 жашар кызы менен 7 жашар уулун жана 40 миллион долларга жакын акчаны алып, чет өлкөгө качып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM