Биз менен байланышыңыз

БАЭ: Шаржа шаарынын эмиринин уулу Лондондо каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 807 | 0

Шаржа шаарынын эмири Султан бин Мухаммад аль-Касым IIIнүн уулу, британиялык модельер шейх Халид бин Султан аль-Касым Лондондо каза болду. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, шейх Халид бин Султан аль-Касымдын жансыз денеси Лондондогу үйүнөн билегине галстук оролгон абалда табылган. Жанында ийнелер чачылып калган. Бирок өлүмдүн так себеби азырынча аныктала элек.

Мындан улам, Шаржа шаарында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Халид аль Касым эмирдин үчүнчү уулу. Ал 39 жашта болчу.

Copyright © 2017 Maral FM