Коомдук пикир жаратууга же кайсы бир идеяларга элди үндөөгө социалдык тармактар негизги каражат катары колдонулуп келет. Бирок, фейк-аккаунттар аркылуу бурмаланган маалыматтарды, чагымчылдык жараткан кабарларды тараткандар көбөйгөнү айтылып жүрөт. Алар кимдер жана эмне максатты көздөшөт?
Кыргызстанда фейк-аккаунттарды көпчүлүк убакта саясий кызыкчылыктарды таңуулоо максатында колдонушат. Булардын артында белгилүү саясатчылар же таасирдүү адамдар турат. Кайсы бир тарапты каралап, бир тараптуу маалымат тараткан фейктердин өздүгүн тактоо кыйын. Мындай пикирин «Factcheck.kg» cайтынын журналисти Асел Сооронбаева билдирди. Буга чейин аталган борбор бир нече изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
— Негизи алардын кимге таандык экенин аныктоо абдан кыйын. Катталган номерлери аркылуу же электрондук дареги аркылуу тапса болот. Бирок, азыр сим-картаны каалаган жеринен сатып алып, телефон аркылуу аккаунт ачып жатышпайбы. Ал учурда аны далилдөө өтө кыйын. Акыркы учурдагы фейктерди биздин кесиптештерибиз IP дареги аркылуу изилдегенде, алардын жайгашкан орундары чет өлкөлөрдү дагы көргөзгөн.
«Социалдык тармактар тууралуу атайын мыйзамдар жок. Ушул себептен фейк-аккаунттарды аныктоо жана көзөмөлгө алуу татаал», — дейт медиа-эксперт Алмаз Турдумаматов. Анын айтымында, бул маселенин чечүүнүн бир жолу коомчулуктун медиа сабаттуулугун жогорулатуу. Ошондой эле, мониторинг жүргүзүп турган атайын кызматтарды уюштурса, фейк-аккаунттарды колдонгондорду жоопкерчиликке тартууга жардам берет.
— Азыр эч ким бекер иштебейт. Атайын социалдык тармактар аркылуу манипуляция кылууга адистешкен адамдар бар, алар айына 300-500 доллардан алып иштешет деп айтылып жүрөт. Ошолорду жалдашат. Мындай кызмат көрсөткөн уюмдар бар деп айта алам.
Дагы бир медиа-эксперт Гульнура Торалиеванын билдирүүсүнө таянсак, бизде социалдык тармактарга бардыгын жарыялашат. Бул жакшы көрүнүш, ачык-айкындуулукка жол ачат. Бирок, ошол ошол эле учурда социалдык тармактын колдонуучулары өтө саясатташып кеткен. Бул өз кезегинде фейк-аккаунтардын жана социалдык тармактарды туура эмес багытка колдонгондордун көбөйүшүнө жол ачат. «Андыктан, социалдык тармактардагы маалыматтарды сын көз менен кароо керек», — дейт.
Батыш өлкөлөрүндө бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечет. Башкача айтканда, орто мектептерде окуу программасына киргизилип, медиа сабатуулукка тарбиялайт. Окуучулар жалпыга маалымдоо каражаттарын сын көз менен кароого эрте жашынан үйрөнөт. Тилекке каршы, биздин өлкөдө бул жагынан азырынча аракеттер жай.
Белгилей кетсек, буга чейин бир катар маалымат каражаттары Матраимовдордун маселеси талкууга айланганда, атайын фейк-аккаунттар социалдык тармактарда аны жапырт колдогонун жазып чыгышкан. Бул боюнча атайын териштирип да көрүшкөн.
Кошумчаласак, кыргызстандыктардын 46 пайызга жакыны «Фейсбукту» колдонот. Ал эми, андан кийинки көрсөткүчтө «Инстаграм», «Одноклассники» тармагынын колдонууучулары турат.