Биз менен байланышыңыз

Рысбай Аматов фракция лидерлигине келди

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 600 | 1

Рысбай Аматов Бишкек шаардык Кеңешиндеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери болду. Мындай чечим шаардык Кеңештин бүгүнкү сессиясында кабыл алынды.

Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров фракция лидери алмашып, төраганын орун басары Эдик Досиев жана Сейдахмат Исмаилов болгонун жарыялады.

Буга чейин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидерлигин Таалайбек Сариев ээлеп келген. Рысбай Аматов анын орун басары болчу.

Рысбай Аматов Бишкек шаардык Кенешинин 2 чакырылышынын депутаты. Ал 44 жашта. Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит боюнча адистигин окуган. Билими жогорку.

1 пикир

1 пикир

  1. Токо

    28.06.2019 13:19

    Красавчик

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM