Биз менен байланышыңыз

Килем жүктөп кирем деп колго түштү

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 447 | 0

Бүгүн, 27-июнда таңга маал Казакстан тараптан аткез товар жүктөп келаткан жаран колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтүп бараткан автоунааны текшерүүгө алышканда, андан коштоочу кагазы жок жалпы суммасы 725 миң сомдук 433 килем табылган.

Мыйзамга ылайык, бузуу фактылары боюнча материалдар андан аркы иш-чараларды карап көрүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мамлекеттик кызматынын ыкчам тобуна өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM