Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин кол тийбестиги… Прокуратуранын ыкчам аракети

Саясат | 26 Июн 2019 | 670 | 0

Прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин 3 күндө эмес, 3 саатта деле караса болмок. Мындай пикирди бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев журналисттерге маалымат жыйын берип жатып билдирди. Анын айтымында, Атамбевге коюлган доолор жөн жерден чыккан жок. Ошол эле учурда, экс-президентке козголгон иштер ыкчам тергелип, жыйынтыктар бат чыгып, мыйзам бузуулар болуп жатат дегендер да  жок эмес.

Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы тарабынан экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты айыптын бешөөнө тиешеси болушу мүмкүн. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кечээ, 25-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин талкуусунда билдирди.

— Коюлган алты айыптын биринчиси негизсиз деп табылды. Калган бешөөндө кылмыштын белгилери байкалып турат.

Бүгүн 26-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев атайын жыйын берип, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу процесси мыйзамдуу жүрүп жатканын билдирди. Анда прокурор жыйынтыкты 3 күндө эмес, 3 саатта деле чыгарса болмок деген оюн айтып, Атамбаевге коюлган доолор асмандан түшпөгөнүнө токтолду.

— Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин биз депутаттар жөн жерден көтөргөн жокпуз. Далилдерди асмандан алган жокпуз да. Алгач иликтедик, андан соң иштер башталды. Коомчулукта: «Комиссия ыкчам иш алып барды, прокурор чечимди шашылыш эле чыгарды. Бардыгы алдын ала пландалган», — деген кептер айтылып жатпайбы. Жок  бул жерде эч кандай мыйзам бузуу катталган жок. Биз иликтеп берген иштерди прокурор окуп эле коюшу керек болчу. Ага жадагалса 3 күн эмес, 2-3 саат да көптүк кылат. Мен дагы бир жолу айтам, бул жакта эч бир мыйзамга туура келбеген кадамдар жасалган жок.

Анткен менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков: «Экс-президентти, саясий кызматчыларды, убактылуу Элдик трибунал гана соттошу керек», — деп эсептейт. Ал сот-укуктук системасы коррупциялашканын өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ошондой эле, президентке көз каранды жана элдин ишениминен ажыраган өлкөдө бул принциптер эртели-кеч эң актуалдуу маселеге айланарын белгилейт.

— Бийликтин элдешкис оппоненти экс-президент Атамбаевди соттоо аракети бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң актуалдуу маселеге айланды. Бийлик туура кылып жатат дегендер да, бийлик Атамбаевден өч алып, саясий талааны тазалап жатат дегендер да бар. Бул пикирлер — саясий аргументтер жана риторикалар. Бирок, саясий маселелер менен бирге адилеттүүлүк, мыйзам үстөмдүгү, принциптер эртели-кеч актуалдашат. Талкаланган укуктук жана соттук система мурдагы президентке, премьер-министрлерге, ЖК төрагасына жана министрлерге күнөө коюп соттой албайт. Ал эми азыркы прокуратураны бийликке сатылган прокуратура десек болот.

Ал эми юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашов экс-президенттин кол тийбестик макамынан ажыратуу үчүн түзүлгөн комиссиянын оперативдүү иштеп жатканына таң калды. Бирок прокурордун 3 күндө чыгарган чечими маанилүү эместигин билдирип, депутаттардын койгон күнөөлөрү негиздүү болушу шарт экенин айтып, буларды кошумчалады:

— Бул жерде кеп 3 саатта же 3 күндө жыйынтык чыгарууда эмес. Коюлган доолор канчалык туура келет? Иликтөөдө туура эмес болуп чыгып калбайбы? Маселе ошондо. Ал эми прокуратура 2 айга чейин иш менен тааныша берсе болот. Дагы бир нерсени баса белгилегим келет, комиссия дароо түзүлүп, кыргыздын тарыхында болбогон кадамдар жасалып, ыкчам иштер алып барылды. Бул бир четинен кубандырат. Эгер коюлган дооматтар туура жана так деп табылбай калса, анда азыркы парламент элге уят болот жана сынат. Мына ушуну ойлош керек эл өкүлдөрү.

Белгилей кетсек, 13-июнда Жогорку Кеӊеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM