Биз менен байланышыңыз

Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча жыйын өтөт

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 387 | 0

Бүгүн, 24-июнда президенттин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү маселелерин чечүү багытында иштей турган Комитетти түзүү боюнча чечим кабыл алган. Комитет мамлекеттин жана бизнес коомчулугунун ортосундагы талкуу аянтчасы болот.

Комитеттин биринчи жыйынында өнөр жайдын азыркы абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагы, көйгөйлүү маселелери жана өнүгүүсүн кароо пландаштырылууда.

Ишкерлердин жана өнөр жай ишканаларынын маселелери жооптуу тараптардын катышуусунда айтылып, чечим чыгарылары күтүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM