Биз менен байланышыңыз

Сот Атамбаевдин банктагы эсебин текшерүү боюнча чечим чыгарды

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 656 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын депозиттик эсептери боюнча коммерциялык банктардагы документтерди текшерүүгө уруксат берген чечим чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Райондук сот 19-июнда бир нече банктардан 2009-жылдан азыркыга чейинки жасалган операциялар, депозиттер жана эсептер боюнча документтерди алууга токтом чыгарган.

Ага ылайык, текшерүүгө алына турчу адамдардын тизмесинде мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өзү, жубайы, балдары, туугандарынын аты-жөнү бар.

Эске салсак, өткөн жумада Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча комиссия түзүлгөн. Убактылуу депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып коюу керектиги жөнүндө корутунду чыгарган. Ал корутунду парламенттин комитеттеринде, андан соң жалпы жыйынында талкууланып, жактырылган. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM