Биз менен байланышыңыз

Жолдубева: Атамбаевдин депозиттик эсеби жок

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 710 | 0

КСДП партиясынын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева Биринчи май райондук сотунун чечимине карата тактоо киргизүү керектигин фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, сот коммерциялык банктардан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери жана кутучалары боюнча документтерди алдын ала кабарлабай туруп, алууга макулдук берген.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, банктык кутусу жок экендигин белгилейт. Банкта бир гана экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби бар, ага да камак салынган.

Жолдубаева билдиргендей, сот тиешелүү чечим кабыл алган адамдардын тизмесинде Раиса Атамбаеванын маркум агасы да бар болуп чыккан. Тизмеде экс-президентке эч кандай тууганчылыгы жок, жансакчысы болгон Дамир Мусакеев бар.

«Бийлик экс-президенттин үй-бүлөсүнөн, жок дегенде бирдеме болсо да «чукуп» тапкысы келип, аны менен адамдардын көңүлүн башка үй-бүлөдөн алагды кылгысы келип жатканы түшүнүктүү. Экс-президенттин айланасындагы мындай театралдашкан оюндар бат эле ойрон болооруна ишенебиз«, — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM