Биз менен байланышыңыз

Аида Салянованы абакта кармоо 26-августка чейин узартылды

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 1018 | 0

Бүгүн, 21-июнда Биринчи Май райондук соту мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, анын камак мөөнөтүн 26-августка чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, Аида Салянова 2013-жылы «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөөтүнөн мурда абактан бошотулганы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 3-июнда камакка алынган.

5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салянованы 26-июнга чейин №1 тергөө абагында калтыруу боюнча чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM