Биз менен байланышыңыз

Текебаев акталса, бийлик баркталабы?

Саясат | 20 Июн 2019 | 831 | 0

Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу 16-июлда карайт. Аталган партиянын юристи Таалайгүл Токтакунованын айтымында, аларда азыр 6 далил бар. Буга чейин далилдерди топтоого мүмкүнчүлүк берилбей келсе, андай мүмкүнчүлүк эми түзүлдү. Мындан улам, сот да адилет чечим чыгарат деп үмүт кылышарын жашырбайт. Ал эми айрым саясатчылар Текебаевдин ишинин кайрадан каралып жатканы жакынкы күндөрдө чоң саясий бурулуштарга алып барышы мүмкүн деп божомолдошот.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу 16-июлда каралат. Бул туурасында партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда аларда Өмүрбек Текебаевдин акталышына далилдер бар. Буга чейин ал далилдерди топтоого мүмкүнчүлүк берилбей келген.

— Бир эле адамдын, Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен чечим чыгып калган. Ага карата башка далилдер каралган эмес. Убакыт да берилген эмес. Азыр эми жаңы режимде мүмкүнчүлүк болуп жатат. Учурда бизде 6 далил бар. Ошолордун негизинде арыз жаздык. Мындан ары соттор туура чечим чыгарат деп үмүт кылам.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү максатында орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан. 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырган. Отурумда эки саясатчынын үй-мүлкүн конфискациялоо чечими гана жокко чыгарылган болчу. Ал эми жакында эле Өмүрбек Текебаев «Азаттыкка» берген маегинде азыркы учурда да жеке өзү үчүн эле эмес, жалпы укук бузууларга каршы күрөшүп жатканын билдирген.

— Мен азыр дагы күрөш абалындамын. Өзүмдүн укугум үчүн, өзүмдүн прициптерим үчүн күрөшөм. Жалпы эле Кыргызстанда болуп жаткан маселелерге көңүлкош эмесмин. Азыр дагы партия аркылуу жумуштарды жасап жатам.

Саясатчы Равшан Жээнбеков: «Жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш каралгандан кийин Өмүрбек Текебаев толук акталышы ыктымал. Анткени, бийлик экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күч топтоо үчүн башка күчтөрдүн колдоосуна муктаж», — деп божомолдойт.

— Өмүрбек Текебаев эркиндикке чыкса, азыркы бийлик үчүн жакшы гана жагы бар. Буга өздөрү кызыкдар болуп турат, менимче. Анткени, Атамбаевге каршы күч топтоодо башкалардын да күчү керек. Ал эми эркиндикке чыккандан кийин Текебаев башында бийликтин айтканын аткарышы мүмкүн. Бирок кийинчерээк ал тажрыйбалуу саясатчы катары өзүнүн позициясы менен бийликке каршы турушу ыктымал.

Саясатчынын пикирин Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова да кубаттайт. Иштин кайрадан каралып жатканы азыркы бийлик үчүн да упай алып келерин айтат. «Анткени, коомдогу нааразычылыктардын көбү саясий негизде соттолгондорго байланыштуу. Ал эми арыздын кайрадан кабыл алынып, каралып жатканы, адилет чечим чыгарууга аз кадам калганын билдирет», — дейт.

— Арызды кабыл алып, карагандан кийин адилеттүү чечим чыгышы керек. Анын үстүнө, азыр коомчулук ошону күтүп турат. Ошондуктан, Текебаев эркиндикке чыга турган болсо бийликке упай болмок.

Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын айтымында, буга чейин көрсөтмөдө кеп болгондой, Леонид Маевскийдин Бишкекте болбогонун, Дүйшөнкул Чотоновдун «Супарада» жолукпаганын тастыктаган кагаздар бар.

Copyright © 2017 Maral FM