Биз менен байланышыңыз

Акаев: Жыгылганды баса калып тепкилеген туура эмес

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 960 | 0

«Жыгылганды баса калып тепкилеген туура эмес». Мындай пикирин депутат Жанар Акаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча маселе каралып жатканда билдирди. Ал: «Парламент Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамсыз иштерде Атамбаевге каршы күрөшкөндөй иштесе, азыркыдай көйгөй болмок эмес», — деди.

— Мен Атамбаев кызматта кезде бардык каталарын бетине айткам. Бирок ал азыр президент эмес, күчүн жоготкон. Бирок азыр жыгылганды баса калып тепкилесем, жеке мен үчүн жигиттикке жатпайт. Атамбаевге байланыштуу жеке өч алуудан, жеке таарынычтардан өйдө болушубуз керек. Ал көрсөтмө берди, бул минтип койду деп камай берген өтө жаман өнөкөткө айланат. 

Бүгүн парламентте экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу жактырылды. Ага 105 депутаттын 100ү «макул» деп добуш берди.

Бул токтом Башкы прокуратурага жолдонду. Башкы прокуратура жети күндүн ичинде кылмыш ишин козгоого негиз бар же жогун аныктап чыгат. Эгер андай негиз бар болсо, Атамбаевден кол тийбестикти алуу маселеси талкууланат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM