Биз менен байланышыңыз

Акаев: Бийлик журналисттик иликтөөлөргө реакция кылбай жатат

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 886 | 0

Бийлик журналисттик иликтөөлөргө эл күткөндөй реакция кылбай жатат. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев парламент жыйынында айтты.

Ал соңку учурда коомдо сенсация жараткан журналисттик иликтөөлөр жасалганын белгилеп, бийлик андан жыйынтык чыгарбай жатат деп сындады.

Ошондой эле, Акаев өкмөттү чоң коррупциялык схемалардын бетин ачкан журналисттердин коопсуздугун сактоого чакырды.

— Соңку учурда коомчулукта сенсация жараткан журналисттик иликтөөлөр жасалып жатат. Муну коррупцияга, мыйзамсыздыкка, элди көзгө илбей байыган көпөстөргө каршы күрөшүүнү колдоо деп түшүнсөк болот. Бирок бийлик андан жыйынтык чыгарбай жатат. Өкмөт коррупциялык схемалардын бетин ачкан журналисттердин коопсуздугун карап бергиле. Алар бизге абдан керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын медиа коомчулугу бийликке кайрылуу жолдоп, паракорчулукка каршы күрөшүү багытында акыркы журналисттик иликтөөлөрдөгү ар бир келтирилген фактыга көңүл буруп, алар боюнча кандайдыр бир чара көрүүгө чакырышты.

Кыргызстандын медиа коомчулугу билдирүү жасады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM