Биз менен байланышыңыз

Матраимовдор жана миллиондор: иликтөө үстүнөн иликтөө

Саясат | 17 Июн 2019 | 1305 | 0

Буга чейин «Азаттык» Матраимовдордун байлыгы, алардын тиешеси болушу мүмкүн делинген мыйзамсыз акчаларды иликтеген. Эми 5-канал ошол репортаждын үстүнөн иликтөө жасады. Анда журналист Элнура Алканова «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү документтерге сереп салып, айрымдарын «жасалма» атады.

Токтолуп кетсек, бул иликтөөдө Али Токтакуновдун репортажда көрсөткөн документтери текшерилип, анын айрымдарын «фейк» экени айтылган. Алсак, Матраимовдордун фондуна акчаны Айэркин Саимаити Түркиянын Иш банкы аркылуу которгон. Анын дүмүрчөктөрү да мурдагы иликтөөдө көрсөтүлгөн. Бирок Алканова документ дүмүрчөк эмес, банктан акча которуу үчүн өтүнмө болуп чыкканын белгиледи. Андан тышкары, Саимаитинин бир канча документке коюлган колдору бири-бирине окшобой турганын да көрсөттү.

5-каналдын иликтөөсү чыккандан кийин алардын дарегине «сатылган» деген сындар айтылып, «бир тараптуу маалымат таратты» деп айыптагандар да болду. Муну журналист Элнура Алканова өзү да ырастады. Журналист «Азаттыктын» репортажындагы колдонулган документтердеги катачылыктарды гана көрсөтүү ниети болгонун билдирди.

— Болгону документтеги каталарды көрсөттүм. Али (ред: Токтакунов) бардык документтерин берген жок. Мен колумда болгон документтерди текшердим. Иликтөөдө 2 млн доллар эмес, 200 миң доллар гана которулганын айттым. Ал акча кимден, кандай ниетте которулганын билүү үчүн 5-канал Искендер Матраимовго суроо берген. Учурунда Матраимовдордун мүлкүн Улан Эгизбаев экөөбүз көтөрүп чыкканбыз. Кийин президенттин алдында да бул маселени көтөрүп чыктым. Эмнеге башкалар муну унутуп, мени «сатылган» деп жатышат?..

Матраимовдордун тиешеси болушу мүмкүн делинген миллиондор тууралуу иликтөөнү даярдаган Али Токтакунов да 5-каналдын репортажы тууралуу үн катты. Анда өз репортажында айтылган маалыматтарды тастыктай турган документтер жетиштүү экенин, иликтөө дагы уланарын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал эфирдин баалуу экенин эскертип, журналисттерди өлкөдөгү коррупционерлердин, арам байлык топтогондордун жүзүн ачууга чакырган.

— «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү документтер анык. Иликтөө дагы уланат. Күтүп аткандар, чыдабай аткандар, «диван эксперттери», фейктер жана башкалар сабыр кылгыла… Негизги маселеден көңүлдү алагды кылуу, анык коррупциялык көрүнүштү эптеп жокко чыгаруу, ачылып калган былыктарын унуттуруу аракеттери болуп жатканын буга чейин жазгам. Карапайым эл менен эсепсиз акчалуу көпөстөрдүн, журналисттер менен жалданмалардын күрөшү кескин курчуганын дагы айтам.

"Азаттыктын" иликтөөсүндөгү документтер анык. Иликтөө дагы уланат. Күтүп аткандар, чыдабай аткандар, "диван эксперттери"…

Опубликовано Ali Toktakunov Воскресенье, 16 июня 2019 г.

Эки редакциянын иликтөөсүнө баа берүүгө азырынча эртелик кылат. Анткени, эки тарап тең колундагы документтерин ачык көрсөтө элек. Мындай пикирин медиасерепчи Азамат Тынаев айтып, учурда коомдун оюн башка жакка буруу аракети болуп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда, журналисттер коомдогу актуалдуу окуяларга сереп салып, маанилүү жагдайларга токтолушу керектигин да эске салды.

— Журналисттер коомдун оюн жасалма жол менен башка жакка буруп жатат десек жаңылбайбыз. «Эмнеге ушул учурга чейин жакырчылыктан чыга албай жатабыз? Мамлекеттик башкаруу системасы эмнеге аксап жатат? Билим берүүбүз эмнеге бир жолго салынбай жатат?» Мына ушундай суроолордун негизинде ойлонуп, чагылдырса, бир жөн. Бири-бирин «чукулаган» аракетин мен түшүнбөй турам.

Эми Токтакуновдун иликтөөсүндөгү маанилүү жагдайларга токтололу. Жарым сааттык видеону көрсөңүз, ал жерде жүзү жабылган ишкер Матраимовдун Чынара деген эжеси жөнүндө сөз кылып, акча талап кыларын да айткан. Андан тышкары «Исмаил Ата» фондуна которулган миллиондор, тааныбай туруп акча салган сырдуу кайрымдуулар тууралуу да күдүк ойлор бар. Акча которгондорду 5-каналдын эфиринде депутат Искендер Матраимов да тааныбай турганын айткан. Бирок аягына чыкпаган бул жагына Элнура Алканова токтолгон эмес.

Эки редакциянын бири-бирине каршы келген иликтөөсү медиа тармагында катардагы көрүнүш катары бааланат. Медиасерепчи Авланбек Жумабаевдин айтымында, биринин эмгегин экинчиси текшерип, каталарын оңдоп коюусунан саясат издеген туура эмес. «Кийин даярдалган иликтөөдө бийлик же Матраимовдордун тарапташтарынын кызыкчылыгы корголгон», — деген сөз суу кечпейт.

— Элнура Алканова Матраимовдорду актап, же ага карата даярдалган иликтөөнү туура эмес деп айткан жок. Болгону «Азаттык» алып чыккан материалдарга тактоо киргизип жатат. Алканова буга чейин да иликтөө даярдап келген. «Ал бийликтин же бир топтун буйругун аткарды», — дегенге ишенбейм.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун баамында, журналисттердин да саясатчылар сыяктуу бири-биринин ишине көз салып турганы туура көрүнүш. Ошондо тартип орноп, жасалган иликтөөлөр дагы да кылдат жасалат. Кыргызстанда иликтөө журналистикасы жаңы өнүгүп келе жатканына байланыштуу муну  кадыресе көрүнүш катары баалоого болот.

— 5-каналдын да, «Азаттыктын» да жасаган иликтөөлөрү кыргыз журналистикасынын бири-биринен карап өнүгүүсүнө, атаандаштыгына чоң салым кошот. Бири-биринин катасы таап, айтып турганы — саясаттагыдай эле жакшы көрүнүш.

Кошумчалай кетсек, «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов буга чейин Кыргызстандан 700 млн доллар мыйзамсыз чыгып кеткенин, ага Матраимовдордун да тиешеси болушу мүмкүн экенин айткан. Бул боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы да маалымат берип, ал ишкерлердин акчасы деп чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов да бул маалыматтарды четке кагып, чындыкка жатпасын билдирген. Бирок сотко кайрылган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM