Биз менен байланышыңыз

Бизнес-акыйкатчыны шайлоо 18-июнда өтөт

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 536 | 0

Кыргызстанда бизнес-акыйкатчыны шайлоо 18-июнда өтөт. Бул тууралуу «Маралга» Экономика министрлигинин ишкердикти жөнгө салуу боюнча башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиева билдирди.

Анын айтымында, бизнес-акыйкатчы кызматына беш талапкер ат салышууда. Алар Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Эл аралык ишкер кеңештин мурдагы жетекчиси Актилек Түнгатаров, Улуттук ишкер кеңештин төрагасы Сергей Пономарев, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметова жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд Смит.

Белгилей кетсек, ЖИА бизнес ассоциациясы Бизнес-акыйкатчы институтунун байкоочу кеңешине туруктуу мүчө катары кирген. Байкоочу кеңеш бизнес омбудсменди шайлоо боюнча иш алып барат. Аны тандоонун талаптарын бекитет. Бизнес акыйкатчысы шайлангандан кийин ал стратегиясы, программасы тууралуу байкоочу кеңешке отчет берет.

Бизнес акыйкатчы институту ишкерлердин укугун жана кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алууга багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM