Биз менен байланышыңыз

Бүгүн — Өрт өчүрүү кызматкерлеринин күнү

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 938 | 0

Бүгүн, 15-май — Өрткө каршы мамлекеттик кызматы түзүлгөн күн. Аталган датага байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өрт өчүрүү кызматында эмгектенгендерге куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр өз куттуктоосунда аталган кызматтын аткарган ролуна, тилсиз жоо менен күрөшүүдөгү талыкпаган эмгектерине токтолуп, бул кызматтын канчалык маанилүү экенин баса белгилеген.

«Урматтуу, кесиптештер, Кыргыз Республикасынын Өрткө каршы мамлекеттик кызматы түзүлгөн 93 жыл аралыгында адам өмүрүн сактоо деген мындай асыл иште улуу максаттарга жетишүү боюнча өзүнүн керек экендигин көрсөтүп, өрттүн алдын алуунун жана кесепеттерин жоюунун иш-чараларын аткаруу боюнча жетиштүү күч топтоду. Сиздердин ар бир күнүңүздөрдүн, ар бириңиздин аракеттериңиздердин натыйжасы Сиздер сактап калган ар бир адам өмүрү болуп эсептелинет.«, — деди министр Мирзахмедов.

Ошондой эле, аталган кызматтын кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк ынтымак, ишиндеги сыймыктуу жетишкендиктерди каалады.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүндө Өрткө каршы күрөшүү кызматы 1926-жылдын 15-майында Фрунзе шаардык Кеңешинин өтүнүчүнүн негизинде Кыргыз АССРинин Аткаруу комитетинин чечими менен түзүлгөн. Алгачкы курамында 9 кызматкер, төрт ат араба, бир автоунаа болгон. Ал эми 1994-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 795 Токтому менен 15-июнь Өрт өчүрүү кызматкерлеринин күнү болуп бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM