Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай бизнес форумунда 7,5 млрд долларга келишим түзүлөт

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 1119 | 0

Кыргыз-кытай бизнес форумунун алкагында 7,5 млрд долларлык 25 документке кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын түрдүү багыттарда иш алып барган 100дөй компаниянын өкүлдөрү келди. Бул форумга даярдануу процесси 2-3 айга созулган. Форумдун жыйынтыгында айлы чарбасы, кайра иштетүү, оор өнөр жайы, тоо-кен өнөр жайы, машина чогултуу, билим берүү, социалдык турак жай багыттары боюнча келишимдер түзүлөт.

Бизнес форумдун расмий ачылышынан кийин Кыргызстанда иш алып барган кытай бизнесмендерине сөз берилет. Алар өлкөдөгү ишкердик кылуу тажрыйбасы, Кыргызстанга инвестиция салуунун артыкчылыктары тууралуу айтып беришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM