Биз менен байланышыңыз

ШКУ: Бишкектин жолдорун оңдоо долбоорунун экинчи фазасы башталат

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 610 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Кытайдын соода министрлигинин алдындагы эл аралык экономикалык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Ли Сяо Бин баштаган делегация менен жолугушту.

Анда Бишкек шаарындагы жолдорду куруу боюнча гранттык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сөз болду.

Мэр Азиз Суракматов, «Бишкектин жолдорун өнүктүрүү тармагы» долбоорунун экинчи фазасына даярдык көрүлгөнүн маалымдады. Анын алкагында шаардагы 60 көчөнүн 70,87 чакырымы оңдолот.

Учурда Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында аталган долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча протокол кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM