Биз менен байланышыңыз

Казакстан: экзит поллдо Токаев 70,13 % добушка ээ болду

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 738 | 0

Казакстанда өткөн президенттик шайлоо боюнча экзит поллдун алгачкы жыйынтыктары айтылды. «Коомдук пикир» институтунун маалыматына караганда Касым Жомарт Токаев алдыга озуп чыккан. Институттун төрайымы Айнур Мажитованын айтымында, Токаев 70,13 пайыз добушка ээ болсо, оппозициячыл Амиржан Косанов 15 пайыз добуш топтой алган.
Сурамжылоону жалпысынан 325 шайлоо участкасынан жүргүзүшүп, ага 13 200 адам катышкан.

Мындан тышкары «Жаштык» илимий изилдөө борборунун жыйынтыгы да жогорудагыдан көп айырмаланган эмес. Алардын маалыматында Касым Жомарт Токаев 69,94 пайыз добушка ээ болгон.

Кошумчалай кетсек, 9-июнь күнү Казакстанда президенттик шайлоо өтүп, ага жалпы шайлоочулардын 77,4 пайызы катышты. Шайлоо учурунда митинг өтүп, күч органдары 500дөй жаранды камакка алганы маалым болду. Прокуратура органы добуш берүү учурунда 19 мыйзам бузуу фактысы катталганын айтып, чара көрүлөрүн эскертти.

Казакстандын мыйзамына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын 10 күндүн ичинде расмий жарыялашы керек.

Президенттиккызмат үчүн жалпы 7 талапкер ат салышты.

Copyright © 2017 Maral FM