Биз менен байланышыңыз

Молдова: Додон президенттиктен кетти, парламент таркай турган болду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 658 | 0

Молдованын президентинин милдетин аткаруучу Павел Филип парламентти таркатып, кайрадан шайлоонун мөөнөтүн 6-сентябрга белгиледи.

Молдованын Конституциялык соту президент Игорь Додонду кызматынан четтетип, анын милдетин аткаруучу кылып премьер-министр Павел Филипди дайындаган болчу. Соттун чечимине ылайык, Филип парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда боло турчу шайлоонун убатысын жарыялашы керек болчу.

Буга чейин Игорь Додон парламентти таркатуудан баш тартып, мыйзамдуу негизде шайланганын айтып келген. Бул чечим тууралуу оюн билдирип, бийликти узурпациялоо аракети катары баалады.

Молдова парламентиндеги 101 депутаттын 35и социалисттер, 30у демократтар жана 29у ACUMдун мүчөлөрү. Социалисттер менен ACUM кызматташуу боюнча келишимге келишип, жаңы өкмөттүн курамын бекитишти. Ага ылайык, ACUMдун теңтөрайымы Майя Санду премьер-министрликке көрсөтүлгөн.

Бирок Конституциялык сот жаңы өкмөт 7-июндун түн жарымына чейин бекитилиши керектигин айтып, чечимди мыйзамсыз деп тапты.

Кошумчалай кетсек, Молдованын парламенти ушул жылдын 24-февралында шайланган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM