Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы шайлоо: добуш берүү аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 762 | 0

Казакстанда президенттик шайлоого карата добуш берүүлөр аяктады. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Саат 21:00гө чейин жалпы добуш берүүчүлөрдүн 77 пайызы шайлоого катышкан. Ал эми 40 мамлекеттеги 51 шайлоо участогунда добуш берүүлөр уланууда.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 20:00гө чейин добуш берүүчүлөрдүн 77 %ы шайлоого катышкан. Бул жолку шайлоодо 7 талапкер ат салышууда, алардын катарында Казакстандын учурдагы мамлекет башчысы Жомарт Токаев да бар.

Copyright © 2017 Maral FM