Биз менен байланышыңыз

КСДП митингде бийликке 5 талап койду

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июн 2019 | 862 | 0

«Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» аталышындагы митингдин резолюциясы бир добуштан кабыл алынды. Анда каралган шарттар аткарылбаса, президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылып, кайрадан митингге чыгышарын билдиришти.

Резолюцияда төмөнкү 5  талап коюлду:

  1. Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарын укуктук талаага кайтарып, анын чөйрөсүндөгү адамдар тарабынан сотторго жана укук коргоо органдарына кысым көрсөтүү, коопсуздук чөйрөсүн криминалдашуудан арылтуу боюнча иштиктүү чараларды көрүүгө тийиш;
  2. Президент башкаруусуна жакпаган саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди саясий куугунтукка алууну токтотуп, саясий туткундар бошотулууга тийиш;
  3. Мамлекеттик органдар Конституцияны урматтоого жана жарандардын тынч чогулуштарга болгон укуктарын чектөөнү токтотууга тийиш;
  4. Президент жана башка мамлекеттик органдар элди бузуп-жарууну токтотуп, күч-аракеттерин түздөн-түз конституциялык милдеттерин аткарууга багыттоосу керек. Элдин ынтымагын бекемдөө, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, реалдуу инвестицияларды тартуу, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу маселелери менен алектенүүгө тийиш.
  5. УКМК жана ИИМ саясый аңдуулар менен алектенгенди токтотууга тийиш. Коррупцияга каршы кызматты УКМКнын курамынан чыгаруу зарыл. Атайын кызматтардын күч-аракети алардын түздөн түз милдеттерине: контрчалгындоого, террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүгө багытталууга тийиш. Ал эми ички иштер органдары коомдук тартипти камсыз кылуу жаатындагы өзүлөрүнүн түздөн түз милдеттерин аткаруу менен алектенүүсү керек;

Copyright © 2017 Maral FM