Биз менен байланышыңыз

Ороктогу окуяга катышкан балдардын бири үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 446 | 0

Сокулук районуна караштуу Орок айылындагы чырга катышкан балдардын бирөөсү, 15 жаштагы А. А. үй камагына чыгарылды. Ал эми 23 жаштагы экинчи катышуучу соттун чечими менен 2 айга абакта калтырылган.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү 3 жаран урушуп, экөө бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу. Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалган эле. Маалыматтар боюнча, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM