Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Түрк элчисинин иштөөгө моралдык укугу жок

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 2440 | 1

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын мындан ары элчи катары ишин улантууга моралдык укугу жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Түркиядан элчисин алмаштырууну талап кылышы керек.

Ал эми элчи Кыргызстандын ички маселелерине аралашпоосу зарыл экенин жакшы түшүнүп алышы шарт.

«Жергиликтүү эл менен сүйлөшсөм, абдан нааразы болуп жатышат. Эл арасында: «Башка мамлекеттин элчисинин ички ишибизге кийлигишүүсүнө кандай акысы бар?» — деген түшүнбөстүктөр башталып кетерине аз калды. Бул кырдаалда Түркиянын элчилерге тиешелүү министрлиги да ойлонушу зарыл. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги катуу чараларды кабыл алышы керек. «Эки өлкөнүн мамилесин бузбайлы», — деп биринчи жолкусун кечирип койдук. Эми аша чаап кетти. ТИМ элчинин аракети боюнча Түркияга нота жиберип, Женгиз Камил Фырат мындан ары Кыргызстанда иштебеши керек. Фырат үчүн Кыргызстанда орун жок. Ал биздин ички маселелерге аралашпоосу зарыл экенин жакшы түшүнүп алышы шарт», — дейт Сурабалдиева.

Кошумчалай кетсек, 5-июнь күнү Сокулук районунун тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Окуя болгон жерге Түркиянын Кыргызстандагы элчиси  Женгиз Камил Фыраттын да барганы маалым болуп, социалдык тармакта талкуу жараткан. Мындан улам, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 6-июнда Женгиз Камил Фыраттын аракети боюнча Түркияга нота жиберди.

1 пикир

1 пикир

  1. Айдарова Щакийра

    09.06.2019 17:31

    Жаман уйдун коногу бийлейт дегендей эшиктен кирип тор меники дешип кийлигишип жатышат да.Биздикилердин ырай бешенелерин коруп тамырын тартып алганда ошон учун тоготушпайт.Турктору Кытайы баары эле тейлешип каалаганындай калчап кетип жатышат.Закон боюнча журушсунда.Акча карыз алып алышып анан эле дудук болуп калышат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM