Биз менен байланышыңыз

2050-жылы Кыргызстандагы калктын саны 11.6 миллионго жетет

Коом | 6 Июн 2019 | 2307 | 0

Изилдөөчүлөр 2050-жылы Борбордук Азиянын калкынын саны 96 миллионго жетиши мүмкүн деп болжолдошууда. Мунун ичинде, Кыргызстан 11,6 миллион адамга  көбөйөт. Айтылган божомолдон улам, «Өлкөбүздүн учурдагы демографиялык абалы кандай?» —  деген суроону адистерге узатып көрдүк.

Кыргызстан күн сайын 274 адамга көбөйүп турат. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин демография бөлүмүнүн адиси Жанара Мааткулова билдирди. Анын айтымында, жалпы калктын 33 %ын тестиер жана өспүрүмдөр түзсө, 19 %ын 40 жаштан 59 жашка чейинкилер толуктайт. Ал эми 60 жаштан жогорку курактагылар 7 гана пайыз. 2011- 2018-жылдар аралыгында өлкө калкы 24 миң 489 адамга көбөйгөнүн Мааткулова маалымдады.

— 2019-жылдын январь-март айларында  туруктуу калктын саны 32,5 миң адамды түзгөн. Кыргызстандын калкынын жалпы саны апрель айына 6 миллион 422 миң болду. Ал эми жаңы төрөлгөндөрдүн саны январь-март айларына карата 41,8 миңге жетти. Өлгөндөрдүн саны 5,2 миң болду. Албетте, демографияга миграциянын таасири бар. Бирок өлкөдө миграция агымы туруктуу.

Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы Гүлжан Атанаева эмгектенген мекеме каттоо органы болгондуктан, өлкөдөгү демографиялык абал боюнча толук маалымат бере албайт. Бирок, өткөн жылдарга салыштырмалуу өлүм санына караганда, төрөлүүнүн саны өскөнүн айтат.

— 2018-жылдын февраль айынан тарта жаңы төрөлгөн балага бир жолу төлөнчү сүйүнчү пул 4 миң сом болду. Бул, менимче, кандайдыр бир деңгээлде төрөттүн санын көбөйтүүгө жарандарды кызыктырды. Анын үстүнө, калктын укуктук билими жогорулап, убагында документ алуу маанилүү экенин түшүнүп, каттоодон өтүп жатышат. 

Ал арада «Кыргызстанда айкын демографиялык саясат жок», — деген пикирин социолог Самар Сыргабаев билдирди. Анын айтымында, статистикалык жетиштүү маалыматтар болгону менен, калктын өсүшү стихиялуу түрдө болуп жатат. Өлкөдөгү  саясий жана экономикалык туруксуз абал, жумушсуздук төрөлүүнүн санына түздөн-түз терс таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле, мамлекет жарандарга турак жай үчүн ипотекалык кредит берүү сыяктуу программаларды колго алса, калктын көбөйүшүнө шарт түзмөк.

— 90-жылдары бизде демографиялык көйгөй келип чыккан. Демографиялык өксүк деп койсок болот, төрөлүүнүн саны кескин түшүп кеткен. Демографиянын мыйзамдары боюнча калк 30-40 жылда барып толот. Бул акыбал 2000-жылдары өз ордуна келе баштаган. Бир муун экинчи муунду толук кандуу алмаштыра турган акыбал эми жөнгө салынды.

Кошумчалай кетсек, алынган маалыматтар боюнча, төрөлүү эң көп катталган аймактардын алдыңкы сабында Ош облусу, кийинки орунда Нарын жана Талас облустары турат.

Чыңгызхан КОЖОШОВ

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM