Биз менен байланышыңыз

Көк-бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, улакчы Эмил каза болду

Кыска кабар , Спорт | 5 Июн 2019 | 1341 | 0

Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү жана «Бөрүлү» командасынын капитаны Эмил Бекбердинов каза болду. Бул тууралуу «Бөрүлү» командасынын машыктыруучусу Каныбек Кубатов «Маралга» билдирди.

Маркум бүгүн Чүйдүн Сокулук районундагы Бөрүлү айылында жерге берилди.

Эмил Бекбердинов жакында эле 45 жашка чыккан болчу. Ал быйыл 9-Май Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында  уюштурулган көк-бөрү боюнча республикалык мелдеште «Тору-Айгыр» командасынын машыктыруучусу болгон эле.

Copyright © 2017 Maral FM