Биз менен байланышыңыз

«Миллиондун кеткени эмес, фондго келгени маанилүү»

Саясат | 3 Июн 2019 | 868 | 0

«Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган миллиондор Матраимовдорго эмес, «Мадина», «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларындагы ишкерлерге таандык болгон. Мындай маалыматты журналисттик иликтөө чыккандын эртеси Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирген. Финполдун жетекчиси Бакир Таиров иликтөөдө айтылган миллиондор ишкерлердики экенин айтып, бул нерсе ыкма катары колдонулуп келген деп сыпаттады.

Бул акчалар «Дордойдо», «Кара-Сууда» иштеген ишкерлердин импортко чыгарган акчасы. Биздин буга чейинки маалыматтарда да бар. Ишкерлер ушундай тажрыйбаларды колдонушат.

Иликтөөнүн автору журналист Али Токтакунов 6 айдан бери бүтпөгөн иликтөөгө бир күндө жооп табылганына таң калганын жашырбайт. Ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде дагы да ачыктала турган көп жагдайлар бар экенин белгилеп, Финполдун мындай жоопту эмнеге таянып айтып жаткандарына таң калды.

— Менин таң калганым, 6 айдан бери иликтеп жүргөн Финпол мурун эле айтпай, эми биздин иликтөө чыккандан кийин гана «бул акчалар ишкерлердики болчу» деп жатат. Алар эмнеге таянып айтышууда? Иликтөөнү көрүп эле айтып жатышабы? Мендеги документ менен таанышуу үчүн Финполдон мага эч ким кайрылган жок.

Эл өкүлү Дастан Бекешов Финполдун айткан жообу жөн эле коргонуу ыкмасы деген пикирде. Ал иликтөө ачык жана акыйкат болуш үчүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде төраганын орун басары болуп турган Искендер Матраимов жана каржы полициясындагы бир тууганы кызматтан четтеп турушу керектигин айтат.

— Мен мындай жоопторго ишенбейм. Баарын иликтеш керек. Эч кандай иликтөө болгон жок да. Азыр мүлкүн иликтеп чыгышса, ал бир байкуш эле көрүнүп калат. Бирок андай эмес экенин баарыбыз билебиз. Үйлөрү бар, спорттук клубу бар.

Бул маселе көтөрүлгөндөн кийин Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Азамат Сулайманов да жалпыга маалымдоо каражаттарына бул акчалар кытай ишкерлериники деген өңүттө билдирүү тараткан. Ал арада айрым ишкерлер иликтөөдөгү маалыматтардан улам, кытай ишкерлери кызматташуудан кооптонуп жаткандарын айтышып, айрымдары маалыматты фейк дегенге чейин барышты. Ошол эле учурда, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында бул маселеге кайрылып, транзакция банктар аркылуу жүргүзүлгөнүн, ошол себептүү алуучу жана которуучу жак да кылдат текшерилерин айткан.

Деген менен  Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов ушундай маалыматтардан улам, маселе башкача өңүттө каралып жатканын айтат. Ал: «Банк аркылуу акчалардын которулганына эмес, эмне үчүн өзгөчө Матраимовдорго таандык болгон фондго которулганы иликтенсе, суроого жооп табылмак», — дейт.

Биз которулуп кеткен акчалар жөнүндө эмес, «Эмнеге ошол фондго которулган?» — деген маселени коюшубуз керек. Ошондо логикалык күмөн пайда болот. Эмне үчүн Матраимовдордун фондуна которулган? «Ал акча кандай акча, балким бажыдан сол чөнтөккө түшчү акчабы?» — деген ойлор пайда болот.

Эскерте кетсек, 29-май күнү журналист Али Токтакунов Матраимовдордун мүлкү тууралуу репортаж даярдап, 2011-2017-жылдар аралыгында миллиондогон каражат сыртка чыкканы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM