Биз менен байланышыңыз

«Аткезчиликти көзөмөлгө алуу үчүн саясий эрк керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 мая 2019 | 447 | 0

Бишкек ун комбинатынын директору Жумгалбек Бактиев «Марал» радиосуна берген маегинде аткезчиликти көзөмөлгө алуу  үчүн саясий эрк керектигин билдирди.

«Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда аткезчилик бир заматта токтогон. Базарда дүңүнөн ун саткандар ким аткезчилик менен иштей турганын билишет. Өкүнүчтүүсү, аны көзөмөл органдары билбей жатат. Бажы көзөмөлү болбогондуктан, чек арадан темир жол аркылуу да аткез товарлар өтүп келет. Ага Финполдон башка орган кийлигише албайт», — дейт Бактиев.

Анын айтымында, ундун баасы Казакстандан келе турган буудайдын наркына көз каранды.

«Биздин комбинатта өндүрүштүн кубаттуулугу жогору. Айына 5 миң тонна буудай иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок учурда 5 эсе аз пайда тапсак да, кызматкерлерди алып калуу максатында ишкананы иштетип жатабыз. Аларды кетирип алсак, кийин комбинат ачып иштетүү оор болот. Бизде ундун сапатына да көңүл бурулат. Казакстанда унга химиялык зат кошкон лабораториялар бар. Алардын мантыга, нанга деген унунда химиялык кошулмалар көп. Биз химиялык заттарды кошуп, ундун сапатын жакшыртууга аракет кылбайбыз», — дейт Бактиев.

Ал мындан сырткары, унга кошулган химиялык заттар ден соолукка тер таасир берип, онкологиялык ооруларга себепчи болорун айтат. Мындан улам, Европа өлкөлөрүндө унга химиялык заттарды пайдаланууга тыюу салынганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM