Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов: Улуу Британияга элчи болууга тажырыйбам жетиштүү

Күн чабыт | 29 мая 2019 | 15987 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстандын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилигине талапкерлерди карап, колдошту. Бирок Улуу Британияга көрсөтүлүп жаткан Эдил Байсалов тууралуу ар кандай сөздөр болуп, тажырыйбасы жок экенин сындагандар да бар. Бул боюнча Байсаловдун өзүнөн маалымат алдык.

— Эдил мырза, сиз бул сунушту кандай кабыл алдыңыз? Дегеле сунуш ким тарабынан берилди?

— Өкмөттүн, Тышкы иштер министрлигинин мага көрсөткөн ишеними – чоң сыймык. Чоң держава аталган Улуу Британияда, тагыраагы, дүйнөлүк саясаттын аныктаган мамлекеттердин биринде Кыргызстандын өкүлү болуу – чоң ишеним. Бул үмүттү актайм деген ойдомун.

— Тажырыйбаңыздын жок экенин сындагандар да бар. Кандай жооп бересиз?

-Менин билимим, тажырыйбам жок экенин айтып жаткандар бар. Алар мени жакшы таанышпайт, же өлкөдө болуп жаткан окуялардан кабары жок. Мен андай сөзгө таарынбайм, терикпейм. Улуу Британияда Кыргызстан жөнүндө маалымат жазган изилдөөчүлөр, акыркы 25 жылдагы докторлор, кандидаттар менен таанышмын. Алардын көбү профессорлукка чейин жетти. Оксфорд, Экзетер, Сент-Эндрюс университинде эмгектенишет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан The Guardian, Financial Times, Economist, Times басылмаларында тааныштарым бар. Алар ар келгенде байланышып турушат, жеке байланыштабыз. Бул кызматка менден да татыктуулары болушу мүмкүн, бирок мен элчилик кызматты аркалоого даярмын.

— Кандай пландар менен баратасыз?

— Барарым менен эле бул ишти жасайм, муну бүтүрөм дегеним орунсуз болуп калат. Анткени, дипломатияда мен жеке өз ишимди аркалабайм. Бул – мамлекеттик чоң иш. Кыргызстандын саясатын, максаттарын, милдеттерин аныктоочу президент, өкмөт жана депутаттар бар. Алардын көрсөтмөсү менен өлкөнүн кызыкчылыгын коргойм. Элчи катары Бишкектен айткан сөздү дарегине жеткирип, өз милдетимди аткарам.

— Максим Бакиевдин мүлкүн экстрадициялоо боюнча сөз болду эле. Бул жарым калган ишти улантуу оюнуз барбы?

— Бул 10 жылдан бери уланып келе жатат. Жалпысынан мен улуу держава менен болгон мамилени Максим Бакиевдин же бирөөнүн тагдыры менен эле чектегим келбейт. Бул катардагы эле бир маселе. Бул үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Мен муну мурдатан эле сындап келгем. Мурун эле жасап койчу ишти мурдагы бийлик ишке ашыргысы келген эмеспи, же колдон келбей калганбы, айтор, аягына чыккан эмес. Бул маселе дагы көтөрүлсө, аягына чыгарууга аракет кылам.

Copyright © 2017 Maral FM