Биз менен байланышыңыз

Дагы бир салыкчы пара алганы жатып колго түштү

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 419 | 0

Улуттук коопсуздук комитети Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук башкармалыгынын кызматкерин пара алып жаткан учурда кармады. Окуя 24-майда болгонун УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган О. М. ыктыярдуу патентти кайра каттоо маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылган. Ал 24-майда ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түшкөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (опузалап пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM