Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Адам сатуунун артында «чоңдор» да бар

Күн чабыт | 27 мая 2019 | 15077 | 0

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз миграциянын агымы токтобой, күндөн-күнгө күчөп баратат. Адамдарды алдап, кулчулукка сатуу маселеси элдин жүрөгүн өйүп келет. Алдамчылыктын айынан ар кимди ээрчип чет өлкөгө кетип, дайынсыз жоголгондор да арбын. Кыргызстанда чет мамлекеттен жумуш таап берүүчү агенттиктер кандай иш алып барат? Балким адам сатууга шектелип кармалгандардын жазасы жеңил болгондуктан, үрөйдү учурган окуялардын учугу үзүлбөй жаткандыр? Биз бул теманын тегерегинде «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов менен «Күн чабыт» программасынын түз эфиринен маек курганбыз.

— Мыйзамсыз миграциянын агымы дале токтобой жатат. Алданып, кулчулукка сатылып кеткендердин көбү жаштар болууда. Адам сатуу агымынын токтобой жатышы эмнеге байланыштуу? Тиешелүү түзүмдөр иштебей жатабы же мыйзамдар чийкиби?

— Чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир жаран мыйзамдарды так билиши керек. Биздин мигранттар ал нерседен кабары болбой, көп аксашат. Башка жакка чыккандардын көбү жаштар болгондуктан, башында бардыгын оңой ойлоп, кийин кыйналышат. Кулчулукка да 17-18 жаштагылар көп сатылып жатат. Булардын мүнөзү калыптана элек да, ишенчээк. Канчалаган долларлык убадаларды укканда, укмуш жашоону элестетип, алданып калышат. Тилекке каршы, оңой айтылган акчанын артында кыйынчылык көп болот. Адам сатуу фактылары түштүк жакта жана Бишкектин Ош базарында көп болот. Атайын калыптанып эле калган — бизнес. Аны органдар билет. Жадагалса, чоңдор да билет, ал тургай, алардын да тиешеси бар. Керек болсо, адам сатуу — чиновниктердин киреше алып келүүчү булагы. Мыйзамсыз иштеген жумуш берүүчү агенттиктердин дээрлик баары депутат, министрлерге тиешелүү. Бүгүнкү күндө адамды саткан коррупциядан да, өлүмдөн да жогору турган жаман кадам болуп эсептелинет. Ошон үчүн биз бул көрүнүштөрдү жоюу үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

— Сиз жогоруда айткандай, «Ишке орноштурабыз», — деп, бирок толук жоопкерчиликти албай чет өлкөгө жөнөтүп ийип, ара жолдо калтырган менчик агенттиктердин иши эмнеге көзөмөлдөнбөйт?

— Менин билишимче, өлкөдө бардык уруксат кагаздарын алган, легалдуу иштеген 70тей эле агенттик бар. Ал эми ошол санды дагы 4-5 эсеге көбөйтсөңүз канча чыгып жатат? Ошолордун бардыгы эч кандай уруксатсыз иш алып барышууда. Миграция багытында эң абийирсиз жана эң чоң маселе жараткан эки иш бар. Анын биринчиси, «Жүк — 200». Бул — каза болгон жарандар. Ал эми экинчиси,  «Адамды кулчулукка сатуу». Угармандарда: «Эмне үчүн фирмалар жабылбай, азыркы күнгө чейин иштеп келет?» — деген суроо пайда болушу мүмкүн. Булардын ар биринин колдоочусу бар. Алардын бардыгы — акчага берилгендер. Мен бул ишти жасап жаткан чоңдорго айта турган деле сөздөрүм калбай калды. Аман эле болгула! Уялсаңар боло!

— Адам сатууга катышкан же тиешеси бар тараптарды юридикалык же физикалык жак экенине карабай, жоопко тартуу маселеси жеңилби? Балким ошондон улам, мындай иштер көп катталып жатат?

— Жеңил да. Айып пулду төлөп коет, болду. Бүгүн жапса, эртең ачып алат. Ошон үчүн мурдун балта кеспей жүрбөйбү! А биздин жарандар башка жакта кулчулукка сатылып, дайындары чыкпай калууда. Бир чырактай үй-бүлөнүн тагдыры бузулуп жатат. Мыйзамсыз жумушка орноштурган адамдар кармалып эле жатат. Бирок акчасын алат да, эле кайра коё берип коет.

— Бул иштерди канткенде токтотуп, бөгөт кое алабыз?

— Биринчиден, мыйзамды татаалдаштырыш керек. Жогорку Кеңештин көзөмөлү катуу болушу зарыл. Органдар бир-экөөнү катуу жоопко тартып койсо, арты тыйылып калмак. Адам саткандар түбөлүк түрмөгө кесилиши керек. Ал эми мыйзамсыз жумуш берген агенттиктерди болсо, чоң суммага айыпка жыгып, 6-7 жылга соттоо керек. Ошондо үрөй учурган маселелер тыйылат.

Copyright © 2017 Maral FM