Биз менен байланышыңыз

«Бийликтин акылы коркутууга гана жетет»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 388 | 0

Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде бийликтин баш-этеги коркутуудан турарын билдирди.

Анын айтымында, бийликтин акылы коркутууга гана жетет. Бирок саясатчылар баардык нерсеге даяр болушу керек.

«Бийлик ар дайым коркутуп басып жүрөт. Бирок коркуу үчүн негиз болушу керек. Коркоктор үчүн бизнес ыңгайлуу. Саясат — тагдыр, ал кесип эмес. Абактагы саясатчылар ошол жолго кайыл болуп, саясатка келишкен. Бирок партия лидери менен кошо фракцияны да камап салган жок. Партия шайлоого даярдана бериши керек болчу. Азыр ким эмне менен алек болуп жатканын көрүп жатабыз», -дейт Калмаматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM