Биз менен байланышыңыз

КСДП: Алмазбек Атамбаев саясаттан кетпейт

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 402 | 0

КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева партиянын Саясий Кеңешинин чечими жана Алмазбек Атамбаевдин партия лидерлигинен кеткени тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев жигердүү саясатта кала берет.

«Мыйзам боюнча экс-президент мамлекеттик жана саясий кызматтарды ээлебеши керек, бирок Ак үй кошоматчылары саясий ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салууну мыйзамга киргизүүгө батына алышкан жок».

Кундуз Жолдубаева ошондой эле, экс-президент мурда айтылган саясий максаттарын ишке ашыруусун улантарын кошумчалайт.

«КСДПны Алмазбек Атамбаев жаш санаалаштарынын колуна өткөрүп берет. Бирок саясатта ал өзүнүн миссиясын толук аткарып бүтө элек. Андыктан, экс-президенттин мурда айтылган саясий максаттарынан баш тартуу ою жок. Саясий кеңеште дал ушундай деп билдирди», — дейт Кундуз Жолдубаева.

Эске сала кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагалыгынан жана курамынан убактылуу кеткени тууралуу партиянын 25-майдагы жыйынында кабарлаган. Атамбаевдин мындай чечим кабыл алуусуна экс-президенттерге байланыштуу жаңы мыйзам негиз болгон.

КСДПнын жетекчилигине убактылуу Асель Кодуранова шайланган.

Белгилей кетсек, жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча мамлекеттин мурдагы башчыларына саясий иштер менен алектенүүгө жана  саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынат.

Copyright © 2017 Maral FM