Connect with us

Карачолокова: Августта «Жер үйдө» руда чогултулуп баштайт

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Май 2019 | 590 | 0

«Жер үй» алтын кенинде ушул жылдын август айында руда чогултуу иштери башталат. Бул тууралуу «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлү Касиет Карачолокова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чогултулган руданы фабрикага киргизүү бир айлык убакытты талап кылат.

«Ноябрь айында алтынды көрсөтөбүз. Учурда кен калдыктарын чогултуучу жай курулуп жатат. Анын жалпы аянты 20 гектарды түзөт. Заманбап технологиялар менен иштеп жатабыз. Экологияга зыяны аз тие турган технологияларды колдонобуз. «Жер үй» алтын кени коопсуз өндүрүш болуп эсептелет», — дейт Карачолокова.

Белгилей кетсек, 2018-2031 жылдары «Альянс Алтын» ачык ыкма (карьер) менен жылына 1,3 млн. тонна кен иштетип, 58,2 тонна алтын казып чыгууну пландаштырууда.

Ал эми 2031-2043 жылдарга жыл сайын 700 миң тоннанын тегерегегинде баалуу кен, мунун ичинен 28,7 тонна алтын казып чыгаруу пландалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM