Биз менен байланышыңыз

Ашыркулов: «Жер үйдү» сөзсүз иштетүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 23 мая 2019 | 521 | 0

«Жер үй» — «Кумтөрдөн» кийинки ири алтын кен. Аны сөзсүз иштетүү керек. Бул тууралуу тоо-кен тармагы боюнча көз карандысыз серепчи Кубан Ашыркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Жер үй» ийгиликтүү иштеп кетсе, башка алтын кендеринин ачылуусуна жакшы үлгү болот.

«Жер үй» боюнча акыркы убактарда көбүрөөк маалымат чыга баштады. Бул аткарылып жаткан иштердин ачык-айкындуулугу үчүн маанилүү.

«Эгерде жетиштүү маалымат таркатылбаса, кенде жумуштар токтоп калды деген сөздөр боло берет. Бирок тоо-кен тармагы татаал курулуш. Ал жерде жардыруучу заттар колдонулат, келишимдер бир топ убакыты алат. «Жер үйдү» көзөмөлдөөгө жергиликтүү эл активдүү катышса, компаниянын Кыргызстанга ишеними артат», — дейт Ашыркулов.

Ашыркулов белгилегендей, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүчү тармактар саналуу. Андыктан, тоо-кен тармагын туура колдонуп, экономикага салым кошуу зарыл.

«Ошол эле учурда келечек муунду да кароо зарыл. Учурда тоо-кен тармагын иштетүүгө муктаждык бар. Бирок бул кырдаал келечекте кандай болору белгисиз.  Балким, алтындын баасы түшүп кетип, керексиз болуп калышы мүмкүн. Мүмкүнчүлүк болуп жатканда, өлкө кызыкчылыгын коргоп кендерди иштетүү зарыл. Алсак, «Кумтөр» ишканасынан түшкөн каражат өлкөнүн ИДӨсүнүн 10 %ын түзөт. Андыктан, тоо-кен тармагын толугу менен иштетишибиз керек. Бирок көзөмөлдү күчөтүү зарыл», — дейт Ашыркулов.

Айта кетсек, «Альянс Алтын» ишканасы 2035-жылдын 28-августуна чейин «Жер үй «кен жатагын иштетүү лицензиясына ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM