Биз менен байланышыңыз

Карачолокова: «Альянс Алтын» жалпы 500 млн сомдон ашык инвестиция салды

Кыска кабар , Пикирлер | 23 мая 2019 | 430 | 0

«Жер үй» алтын кенинде иш алып барган «Альянс Алтын» компаниясы жалпы 500 млн. сомдон ашык инвестиция салууда. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын өкүлү Касиет Карачолокова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кайра калыбына келтируу фонддун жалпы бюджети 5,5 млн долларды түзөт. Азыркы этапта 4 млн сом төлөндү.

«Мындан сырткары, социалдык баштыкча үчүн жыл сайын 100 млн. сомдон бөлүп келет. Быйыл ал сумма 150 млн. сомго көтөрүлөт. Ошондой эле, «Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүү, аймактагы социалдык маселелерди чечүү боюнча иш алып барат. Мамлекеттик мекемелерден тарта музкыкалык мектептерге, лагерлерге да жардам берет. Ал эми Кыргызстанга салык төлөйт», — дейт Карачолокова.

Ал белгилегендей, келишимге ылайык жумушчу орундардын 80 %ында жергиликтүү калк эмгектенет. Учурда 400гө жакын жумушчу иштеп жатат. «Жер үй» алтын кени толук кандуу иштеп баштаса, миңден ашуун жумушчу орун түзүлөт.

Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» ЖЧКсы 2035-жылдын 28-августуна чейин «Жер үй» кен жатагын изилдөө лицензиясына ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM